• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Айыл чарба министрине жаңы орун басар дайындалды

9 Баш оона 2023 17:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-августта Алияскаров Маил Алияскарович айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

Жаңы дайындалган министрдин орун басары ветеринардык тармак, балык жана мал чарбасы боюнча жооптуу болмокчу.

Маил Алияскаров 1977-жылы 20-июлда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган. 2006-жылдан тарта айыл чарба тармагында эмгектенип келген. 2021-жылы Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалган.

Количество просмотров: 257