• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынан күмүш медаль утту

5 Тогуздун айы 202122:58 Бишкек Govori.TV

Балбан Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш байге алды.

Польшалык Магомедмурат Гаджиев 2:1 эсебинде Эрназар Акматалиевди жеңип алды.

70 килограмм салмак категориясында килемге чыккан Эрназар россиялык Евгений Жербаевди 9:5 эсеби менен жеңип, финалга чыккан.

Белгилей кетсек, грек-рим, эркин жана кыздар күрөшүнүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат.

Количество просмотров: 514