• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртең Бишкекте дагы 4 стационар жабылат

17 Баш оона 202018:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 18-август күнү дагы 4 стационар жабылат. Бул тууралуу бүгүн мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга стационарга кайрылгандардын саны азайганы себеп болгон.

«16-август күнү 6 стационарга 150 адам кайрылды. «Бишкек наабайкана» муниципалдык мекемесиндеги күнү-түнү иштеген стационар 174 адамды кабыл алды», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

18-августтан тарта төмөнкү стационарлар жабылат:

  • Чыгыш-5 кичи районундагы Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексиндеги стационар;
  • Жайыл баатыр көчөсүндөгү «Газпром» комплексиндеги күндүзгү стационар;
  • №96 орто мектептеги стационар.
  • №68 мектеп-гимназиядагы стационар;

Ал эми Кожомкул атындагы спорт сарайындагы күндүзгү жана 12-кичи райондогу «Бишкек наабайкана» муниципалдык мекемесиндеги күнү-түнү иштеген стационар ишин уланта турганы айтылды.

Количество просмотров: 156