• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртең Бишкектен Нур-Султан шаарына авиакаттам жандандырылат

16 Жетинин айы 202117:08 Бишкек Govori.TV

Бишкектен Нур-Султан шаарына авиакаттам жандандырылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 17-ноябрдан баштап Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан маршруту боюнча авиакаттамдарды жанданат. Авиакаттамдарды «Эйр Астана» авиакомпаниясы жумасына эки жолу аткарат: шаршемби жана жекшемби күндөрү.

Ал эми, 3-декабрдан тарта аталган маршрут боюнча каттамдар жумасына 4 жолу уча баштайт: дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү. Учуу убактысы — 1 саат 50 мүнөттү түзөт.

Эскертке кетсек, каттам пандемияга байланыштуу 2020-жылдын башында токтотулган.

Количество просмотров: 98