• Жума 19 Кулжа 2026
  • Пятница 19 Июнь 2026

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчөт

24 Теке 202211:02 Бишкек Govori.TV

Эртең, 25-июлда Бишкектин айрым жерлеринде саат 9:00дөн 21:00гө чейин муздак суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, дүйшөмбү  күндөн тартып «Гагарин» суу өткөргүчүндө оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери аткарылат.

«Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунушалиев, Гагарин, Муромский, Циолковский, Тимур Фрунзе, Өмүракунов, Алыкулов көчөлөрүндө, Ак-Өргө жаңы конушунда, Өмүракунов көчөсүнүн түндүк тарабында, Жумушчулар шаарчасында, Дыйканчылык институтунда суу убактылуу берилбейт»,-деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.

Теги:
Количество просмотров: 803