Эртең Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчөт
15 Чын куран 2021 18:11 Бишкек Govori.TV
Эртең, 15-апрелде Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
Жарык өчө турган аймактар:
- 7:00-18:00гө чейин — Касым конушунда, Достук кичи районунда, Профсоюзный, Кубаныч, Кайназарова, Волков, Патрис Лумумба көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Темировский туюк көчөсүндө;
- 9:00-17:00 — Элебесов көчөсүнүн бир бөлүгүндө, Зайсанский туюк көчөсүндө, Арча-Бешик конушунда (Ойсул-Ата, Бердибаев, Чортеков, Кривоносов, Шаршенов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө);
- 9:00-18:00 — Абаданов, Чоң-Арык көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ала-Тоо конушунда (Кара-Булак, Кызгалдак, Ала-Тоо көчөлөрү);
- 9:30-17:00 — 10-кичи райондо (№14 үй), Энтузиаст көчөсү, Жоон-Дөбө, Улук-Тоо, Арча-Гүл, Бакыян көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
- 9:30-18:00 — Чүй менен Үмөталиевдин кесилишкен жеринде, Мурас-Ордо, Арча-Бешик (Эркин Тоо, Кожомкулов, №6, Шералиев көчөлөрүндө), Ынтымак, Кыргызстан-1 конуштарында (Боз-Бөлтөк, Эркин-Тоо көчөлөрү);
- 9:40-18:00 — Кантемир, Куликовский, Жибек жолу көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
- 13:00-17:00 — Магаданский, Күрөңкеев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Эркиндик проспектисинде.
Подписаться:
Количество просмотров: 213