• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эртең Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

30 Баш оона 2020 15:40 Бишкек Govori.TV

Эртең, 31-августта Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгына карата өтө турган иш-чарада Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 31-август күнү саат 9:00дөн 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Тоголок Молдодон Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанатка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков катышат. Коронавируска байланыштуу иайрамдык иш-чараны көрүү үчүн «Ала-Тоо» аянтына эл топтолбойт.

Белгилей кетсек, мэрия бул салтанатты өтөрүү үчүн бюджеттен 2 млн 700 миң сом каражат сарптаганын буга чейин маалымдаган.

Количество просмотров: 168