• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эртеңден баштап ички аба каттамдар токтотулат

24 Жалган куран 2020 17:57 Бишкек Govori.TV

25-марттан баштап бардык ички авиа каттамдар убактылуу токтотулат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында айтты.

Мындай чечим өлкөдөгү коронавирус боюнча кырдаалга жана республиканын кээ бир район жана шаарларында киргизилген өзгөчө абал жөнүндө президенттин жарлыгына ылайык кабыл алынган.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, өлкө ичинде Республикалык штабдын макулдугу менен атайын авиа каттамдар гана уча алышат.

Буга чейинитышкы каттамдар 20-мартта токтотулган. Учурда Москва – Бишкек, Москва – Ош, Новосибирск-Бишкек каттамдары жумасына бир жолу учуп жатат.

Количество просмотров: 86