• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто тумандан улам каттамдар кармалууда

27 Үчтүн айы 20249:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-январда аба ырайынын шарттарына байланыштуу «Ош» эл аэропортунда бардык аба каттамдары убактылуу кармалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тумандан улам каттамдар саат 03:20дан тарта кармалып турат. Токтотулган каттамдар жок. Учурда аэродромдун айланасында көрүү мүмкүнчүлүгү горизанталдуу 300 метрди, вертикалдуу 50 метрди түзөт.

Белгиленгендей, учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 118