Эртең, 26-сентябрдан баштап, Бишкекте 6 миң 800 абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан кабарлашты.
Ыңгайсыздыктарга кабылбоо үчүн компания абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүү керектигин эскертти.
Мындан сырткары абоненттер өз эсебин 1209, 105, 0(772)/0(702)/0(556) 00 12 09 номурундагы күнү-түнү иштеген чалуу борборуна кайрылып, сурап алса болот.