• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мектептерде сабак бүткөндөн кийин жарык өчүрүлүшү керек

12 Жетинин айы 202512:17 Бишкек Govori.TV

Билим берүү мекемелеринде сабак бүткөндөн кийин 1 сааттын ичинде электр өчүрүлүш керек. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу максатында кабыл алынган №949 тескемесине ылайык, билим берүү уюмдарында энергияны үнөмдөө чаралары киргизилди.

Окуу процесси аяктагандан кийин (бардык сабактар бүткөн соң) 60 мүнөттөн кечиктирбестен, тазалоо иштери бүткөндөн кийин электр менен камсыздоо өчүрүлүүгө тийиш.

Белгиленгендей, имараттын иштешин жана сакталышын камсыз кылуучу инженердик системалар жана жабдуулар бул чектөөгө кирбейт.

Бул талаптар окуучулардын жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу объектилерге жана мекемелерге (жатаканаларга) колдонулбайт.

Буга чейин соцтармактарда электр энергиясынын тартыштыгынан улам сабактар кыскартылып, ийримдер убактылуу жабылып жатканы тууралуу маалымат тараган.

Ал эми Бишкек мэриясы окуу процесси, ийримдердин иши үзгүлтүккө учурабай турганын билдирди.

Количество просмотров: 91