Эртең, 14-январда Казакстанга жөнөтүлгөн аскерлер өлкөгө кайтып келет. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тынчтык орнотуучу аскер контингентинин учагы Алматыдан Токмок шаарындагы туруктуу жайгаштыруу пунктуна конот.
Казакстандагы нааразылык акциялары башаламандыктар менен коштолуп, абал курчуган учурда Кыргызстандын 150 аскер Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында Алматы шаарына жиберилген. Алар маанилүү стратегиялык объект – ЖЭБ-2ни күзөтүп беришти.