• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эртеңки айт намаздын программасы жана санитардык талаптар

12 Бугу 2021 13:09 Бишкек Govori.TV

Орозо айт намазы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу 13-май күнү Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулуп, таңкы саат 7 де башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Муфтият санитардык талаптарды бекем сактоону эскертип, айт намазынын программасын жарыялады:

  • 07:00-07:15 — Азирети муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин куттуктоосу жана баяндамасы;
  • 07:15 — Айт намаз.

Айт намазга келген ар бир жаран төмөнкү санитардык эрежелерди так сактоосу керек:

  • Бет кап тагынуу;
  • Ар бир адам жайнамазын ала келиши керек;
  • Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралык так сакталышы кажет;
  • Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
  • Дааратты үйдөн алуу;
  • Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбей эле койгону туура;
  • Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.
Количество просмотров: 129