• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртең Кыргызстан менен Түндүк Кореянын футболчулары беттешет

14 Тогуздун айы 20249:08 Бишкек Govori.TV

2026-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндары уланууда.

Кыргызстан өз тайпасындагы мелдештерди улантат. 15-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча кыргыз курама командасы менен Түндүк Кореянын курама командасы беттешет. Кореялык футболчулар эки күн мурда Кыргызстанга келишип, машыгып жатышат.

Кыргыз курама командасы буга чейин Доха шаарында Катардын курама командасы менен ойноп, 3:1 эсебинде утулуп калган.

Бүгүн, 14-октябрда футболдук командалар журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Количество просмотров: 179