• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртең “Түндүкэлектр” карызы бар 5 миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт

6 Бештин айы 202115:09 Бишкек Govori.TV

Эртең, 7-декабрда, «Түндүк электр» ишканасы электр энергиясына карызы бар 5,6 миңден ашуун абоненттин жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында маалымдалат.

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Абоненттер электр энергиясына канча сом чыкканын, канча карызы бар экендиги тууралуу маалыматты «Түндүк электр» ААКнын www.se.kg сайтынан же күнү-түнү иштеген Call-борборунан (1209) алса болот.

Белгилей кетсек, жалпы дебитордук карыз 12,3 миллион сомду түзгөн.

Количество просмотров: 182