• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн электр энергиясына карыз 6200дөй абоненттин жарыгы өчүрүлөт

27 Теке 20239:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-июлдан тарта Бишкекте 6200дөн ашык турак-жай абоненттеринин электр энергиясы дебитордук карызынан улам өчөт. Бул тууралуу «Бишкек электр тармактар» ​​ишканасынан билдиришти.

Ишкана абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.

Белгиленгендей, турак-жай абоненттери өз балансын “Менин жарыгым” мобилдик тиркемеси аркылуу “Play Market” жана “AppStore” онлайн аянтчалардан жүктөп алып, биле алышат.

Ошондой эле, абоненттер күнү-түнү иштеген колл-борборго 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 номурлары аркылуу кайрылса болот же 0556 001209 номуруна “WhatsApp” аркылуу жазса болот.

Количество просмотров: 118