• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өлкөдө кайрадан кыска мөөнөткө жарык өчөт

25 Үчтүн айы 2022 19:21 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө жарык кайрадан өчүрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Системаны толук жөнгө салуу үчүн өлкөнүн айрым райондору менен облустарында жарык убактылуу өчүрүлөт. Бул абоненттерди кайрадан электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жасалат. Сиздерден өндүрүштүк иштерге түшүнүү менен кароону суранабыз»,-деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, 25-январда Борбор Азиядагы Бирдиктүү энергошакекчеде авария болуп, түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы өчтү.

Количество просмотров: 613