• Жекшемби 25 Тогуздун айы 2020

Эртең Жибек Жолу проспектиси жабык болот

17 октября 2020 в 9:27 Бишкек Govori.TV

Эртең, 18-октябрда Бишкек шаарындагы Жибек Жолу проспектисинде кыймылга чектөө коюлат.

Мэриядан билдиришкендей, Манас проспектиси менен Исанов көчөсүнө чейинки тилкеде тактап айтканда жолдун оң тарабында оңдоо иштери жүргүзүлөт. №11 троллейбустун Асанбай кичи районунан тарта батыш автобекетке чейинки багыты өзгөрөт.

Белгилей кетсек, оңдоо иштерин подрядчы «China Road&bridges corporation» компаниясы жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 186