• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Эшатов : Бензиндин баасы 7-8 сомго кымбатташы күтүлүүдө

17 Жетинин айы 2021 11:09 Бишкек Govori.TV

Жакында Кыргызстанда бензин 7,5-8 сомго, ал эми дизель майы 12,5 сомго кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов «Биринчи радионун» эфиринен билдирди.

Анын айтымында, энергетика, анын ичинде күйүүчү-майлоочу майларга баа өсүп жатат.

«Азыр кичи жана орто компаниялар баанын кескин кымбатташына байланыштуу өлкөгө күйүүчү-майлоочу майларды өз алдынча импорттой албай калышты. Ошондуктан ири компанияларга күч келүүдө. Азыр ири компаниялар өздөрүнүн тармагын КММ менен жетиштүү көлөмдө камсыздоо менен алек. Ошондуктан кичи компаниялар жабылууга аргасыз болуп, кээ бир май куюучу станциялар жабылып, кээ бирлери токтоп турат. Азыр өлкөдө КММнын жетишсиздиги сезилип жатат, айрыкча дизель майы. Казакстанда экинчи айдан бери дизель майын Орусиядан сатып алып, ай сайын бул көлөм 15 миң тоннаны түзөт. Ал эми Кыргызстанда дизель майын колдонуунун бир айлык көлөмү 40-45 миң тоннага барабар. Ошондуктан Россия рынокторунда суроо-талап көп болуп, ошонун айынан алар бааны дароо тоннасына 170 долларга кымбаттатып жиберишти”, — деди ал.

Ал учурда дизель майына болгон баа жумасына 20-30 долларга чейин өсүп жатканын белгиледи.

«Кыргызстанда дизель майынын чекене баасы өздүк наркынан 12 сомго артта калды. Анын негизги баасы 65 сом 50 тыйын болсо, май куюучу жайларда 53 сомдон сатылууда. Бул чексиз улана бербейт, жакында базарда баалардын кымбатташы күтүлөт: АИ-92 үлгүсүндөгү бензин азыр 56 сом 40 тыйын же 56 сом 90 тыйын болсо, анда 63 сом 70 тыйын — 64 сомго чейин кымбатташы ыктымал. Ошондуктан биз каалайбызбы, каалабайбызбы, бензиндин баасы 7,5-8 сомго, дизель майы 12,5 сомго кымбаттоо күтүлөт”, — деди ал.

Количество просмотров: 141