• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда бензин ноябрда 9 сомго кымбатташы мүмкүн

21 Тогуздун айы 202114:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бензин ноябрда 9 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов Govori.TVга билдирди.

Эшатовдун айтымында, сентябрдын башында кыргызстандык компаниялар Орусиядагы заводдордон бензиндин тоннасын 700 доллардан алып турушса, азыр 800-820 доллардан сатып алууда.

«Дизелдин отундун чыккан баасы мурдагы айда 600 доллардан болсо, октябрда 700-720 долларга чыкты. Бул Кыргызстанда келерки айдагы бааларга таасир этет. Бензин менен дизелдин баалары азыркыга салыштырмалуу 8 сом 90 тыйындан баштап 9 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Нефтетрейдерлер ассоциациясы бензинге акциздик салыктын ченин убактылуу төмөндөтүүнү жана дизелдик отунду импорттоону кошумча нарк салыгынан бошотууну Министрлер кабинетинен сурандык»,-деди Эшатов.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө бензиндин А-95 үлгүсү 62,90 сом, А-92 үлгүсү 57,70 сомдон сатылууда.

Количество просмотров: 452