КРдин Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков уулдуу болду. Бул тууралуу ырчынын жубайы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Биз бүгүн үчүнчү жолу ата-эне болдук. Толкундоо сезими биринчи жолкудай эле. Эң башкысы ден соолугу бекем болсун», — деп жазды ал.
Эскерте кетсек, Гүлжигит Калыков жубайы Айпери экөө 2016-жылы 8-июлда баш кошкон. Калыков 2012-жылы «Евразия жылдызы» музыкалык сынагынын жеңүүчүчүсү болуп табылган. 2017-жылы КРдин Эмгек сиңирген артисти наамын алган.