• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эверестти багындырган альпинист Эдуард Кубатов Бишкекке келди

6 Кулжа 2021 11:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарына Эверест чокусун багынткан альпинист Эдуард Кубатов кайтып келди. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык» аэропортунда спортчуну Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев, ведомствонун директорунун орун басары Союзбек Надырбеков, Эдуард Кубатовдун үй-бүлөсү, туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты.

Эдуард Кубатовдун айтымында эл аралык экспедицияга катышкан 14 адамдын ичинен 5 альпинист гана Эверестке жетти. Ал бул чокуга чыгууга 2014-жылдан бери даярдык көрүп келген. Спортчунун пландарында Денали (Түндүк Америка) жана Винсон (Антарктида) чокуларын багынтып, «Дүйнөнүн жети чокусу» программасын аткаруу турат.

«Экспедиция жана ага даярдык көрүү оор болду. Covid-19, аба-ырайы менен байланыштуу чоң көйгөйлөр жаралды. Чокуда менин максатым кыргыз элиме кайрылуу жасап, желегибиз менен сүрөткө түшүү болду. Тирүү калып, чокудан кайра түшүп, үйүмө кайтып бараарымды түшүнгөндө гана эмоциялар пайда болду», – деп кошумчалады ал.

Кошумчалай кетсек, Эдуард Кубатов 23-майда Эверестти багындырган.

Количество просмотров: 165