• Жекшемби 21 Кулжа 2026
  • Воскресенье 21 Июнь 2026

Ажылардын алгачкы тобу Бишкекке кайтып келди

21 Теке 20229:25 Бишкек Govori.TV

Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек шаарына келип конушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ажыларды муфтий Замир кары Ракиев баштаган Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын эмгек жамааты тосуп алды.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандан ажылыкка 2766 адам барды. Зыяраттын баасы 4500 долларды түзгөн.

Количество просмотров: 588