• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Европалык эмдөө жумалыгы: 2 күндө 500дөн ашык бала эмдөөдөн өттү

27 Чын куран 2023 11:54 Бишкек Govori.TV

Европалык эмдөө жумалыгынын алкагында эки күндүн ичинде 500дөн ашык бала эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле 1500дөн ашык адам COVID-19га каршы эмделди.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы 24-апрелден 30-апрелге чейин өлкөдө Европалык эмдө жумалыгы өтүүдө. Бул демилгеге Кыргызстан да кошулууда. Өлкөнүн бардык аймактарында жумалыктын алкагында иш-чаралар жигердүү өтүп жатат.

Эмдөөнүн артыкчылыктарын сандар тастыктап берет. Эмдөө жыл сайын дифтерия, селейме, көк жөтөл, кызамык, май чукурдун сезгенүүсү жана кызамык өңдүү оорулардан 2-3 миллион адамдын өмүрүн сактап калууда. Вакцинаны өз убагында алган балдардын санынын көбөйүшүнө эмдөө жумалыгы да салым кошуп келет. Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 100 миллиондон ашык бала дифтерит, селейме жана көк жөтөл өңдүү ооруларга каршы эмделет.

Количество просмотров: 54