Өзгөн районундагы өрттөн төрт бала каза болду. Кырсык Мырза-Арык айылындагы үйдө болжол менен саат 2:00дө чыккан. Бул тууралуу ӨКМги билдирет.
Өрттүн себеби иликтенүүдө.
Тилсиз жоодон төрт бала каза болду: улуусу 7 жашта, кичүүсү 3 жашта.
Өрттү эки өрт өчүрүүчү бригада таңкы саат 4:00дө өчүргөн.