• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Explainer: Дипфейк: фейктердин жаңы мууну жана анын коркунучтары…

11 Бештин айы 202517:29 Бишкек Govori.TV

Интернеттеги ар бир нерсеге ишене бербе.

Көргөнүңө да, укканыңa да!

Эгер сага бул адам абдан жакын көрүнсө да, же сен ишенген адам болсо да.

Бул белгилүү ырчы болушу мүмкүн. Же таанымал блогер. Же дүйнөгө белгилүү адам да болушу мүмкүн…

Бул кантип иштейт? — ойлонуп, таң калып жатасыңбы?

Жасалма интеллект же нейротармак аркылуу. Бүгүн технология өтө тез өнүгүп жатат. Каалаган видеону жасалма түрдө жаратууга болот, Каалаган үндү же добушту колдонсо болот.

Бул контент жараткан адамдар үчүн чоң мүмкүнчүлүк берет.

Бирок аны айлакердик менен колдонсо, алдоо, манипуляция жана пропаганда үчүн да колдонулушу мүмкүн.

Эмне кылуу керек? Кантип алданбоо керек?

Эң негизгиси – паникага алдырба.

Социалдык тармактардагы ар нерсеге сын көз караш менен кара.

Жана бул видеону жакындарыңа көрсөтүп, социалдык тармактарда бөлүшүүнү унутпа

Ишенбе! Ар дайым текшер! Ойлон!

Количество просмотров: 529