• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Facebook сервистеринин ишиндеги мүчүлүштүктүн себеби айтылды

5 Тогуздун айы 2021 17:08 Бишкек Govori.TV

Facebook сервистеринин ишиндеги глобалдык мүчүлүштүккө техникалык бузулуулар себеп болду. Бул тууралуу компаниянын расмий билдирүүсүндө маалымдалат.

Маалыматка караганда, мүчүлүштүк Facebook’тун дата-борборлорунун ортосундагы түйүндүк трафиктин координациясы үчүн жооп берген магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясы өзгөргөндөн кийин пайда болгон.

«Түйүндүк трафиктеги бул мүчүлүштүк маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорубуздун байланышуу жолдоруна каскаддык таасир эткен. Өз кезегинде бул биздин кызматтардын ишин токтотту», – деп жазылган билдирүүдө.

Facebook’тун өкүлдөрү бул үчүн колдонуучулардан кечирим сурашты.

Facebook сервистеринин ишиндеги глобалдык мүчүлүштүктөн улам АКШ биржасындагы негизги индекстер төмөндөп кеткени айтылды. Алардын ичинде NASDAQ индекси 2% түшсө, Facebook корпорациясынын акциялары 5% арзандады. Bloomberg басылмасынын маалыматына караганда, бул аралыкта Марк Цукерберг 6 миллиард доллардан ашык байлыгын (болжол менен саатына 1 миллиард доллардан) жоготту.

Эске салсак, 4-октябрда дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде, анын ичинен Кыргызстанда да Facebook, Instagram жана WhatsApp кызматтары иштебей үзгүлтүккө учураган. Мүчүлүштүк Бишкек убактысы боюнча саат 21:30дарда башталган. Социалдык тармактар жана мессенджер 6 саатка жакын жеткиликсиз болуп турду.

Количество просмотров: 64