Мурдагы Президенттин аппарат башчысы, КСДПнын саясий Кеңешин жетектеген Фарид Ниязов КСДПдан кетет. Бул тууралуу бүгүн экс-президент менен жолугушуудан кийин ЖКнын депутаты Рыскелди Момбеков Govori.TV агенттигине билдирди.
“Жолугушууда Алмазбек Шаршенович партиянын аткара турган иштери, алдыдагы пландар тууралуу айтты. Ошондой эле партиянын ички иштери менен алек болуп келген Фарид Ниязов партиялык ишмердүүлүктөн кетип, “Апрель” коомдук уюумунун ишин алып бара тургандыгын айтты”,-деп билдирди эл өкүлү.
Эске сала кетсек, бүгүнкү Ала-Арча мамрезиденциясындагы жолугушууга ЖКдагы КСДПчылардын 19у катышканы белгилүү.
Бишкек 10.04.18 Govori.TV Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент комитети, Сооронбай Жээнбековдун, …