• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Индира Жолдубаеванын тагдыры чечилип калды

10 Чын куран 2018 14:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек 10.04.18 Govori.TV

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер  жана регламент комитети, Сооронбай Жээнбековдун, Башкы прокурорду кызматтан бошоту сунушун бир добуштан колдоого алды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов журналисттерге маалымдады.

Cооронбай Жээнбековдун жолдогон сунуштамасында, Индира Жолдубаева өзүнө жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбай жаткандыгына байланыштуу иштен алынууда, деп айтылат.

«Жалпысынан өткөн жылы республика боюнча 235 адамга, анын ичинде камакта отурган 23 адамга актоо өкүмү чыгарылган. Ошол эле учурда мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун борбордук органдарына, алардын аракеттерине карата жарандардан көптөгөн даттануулар түшүүдө. Мындан тышкары, бир дагы күнөөлүү кызмат адамы кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес жана Кылмыш жаза кодексинин 322-беренеси боюнча соттолгон эмес», — деп айтылат документте.

Эртең Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу маселеси парламенттин пленардык жыйынында каралат.

Количество просмотров: 29