• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

 Фейерверк ташып бараткан унаа кырсыкка кабылып, бир адам каза болду (видео)

29 Жетинин айы 2023 9:02 Бишкек Govori.TV

Тоң районунун аймагында жүк ташыган унаа кырсыкка учурап, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда (Тоң району) жарылуучу пиротехникалык каражаттарды ташыган «HOWO» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен фейерверктер жарылып, ири өрттүн чыгышына жол ачкан. Мындан улам саат 21:40та жана 22:04тө Балыкчы шаарынан өрт өчүрүүчү 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт 23:05те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Тилекке каршы тилсиз жоонун кесепетинен жүк ташуучу унаадагы бир адам каза болуп, анын өздүгү такталууда.

Количество просмотров: 383