• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Феминнале» иш-чарасынын уюштуруучусу сабалды

27 Бештин айы 2019 15:45 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде «Феминнале» иш-чарасынын уюштуруучусуна кол салуу болду. Бул тууралуу Айгүл Карабалина өзү Kaktus.media сайтына билдирген.

Анын айтымында, кечээ, 27-декабрга караган түнү Айгүл Карабалинага белгисиз эки киши кол салган.

Мен Алматы шаарынан түндө болжол менен саат 2лер чамасында үйгө кайтып келе жаткам. Үйдүн алдынан мага белгисиз эки эркек киши кол салды. Алар кыргыз тилинде сүйлөшүп, «бул жанагы уюштуруучулардын бири», -деп айтып жатышты. Бирок менин ал жакта болоорумду эч ким билген эмес. Алар мени кокустан жолуктуруп калып, кол салууну чечишти,-деп билдирген Карабалина.

Мындан сырткары, ал укук коргоо органдарына арыз менен кайрылбаганын жана чет өлкөгө кете турганын социалдык тармактарга жазган.

Эске салсак, буга чейин  Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда аялдардын укугун жактага 17 күндүк «Феминнале» иш-чарасы башталган. Анда денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түшүп, «нарк-насилге доо кетирди» деп сындагандар көбөйгөн. Андан тышкары, ич кийим элесиндеги экспонатка нааразылык айтылган.

Количество просмотров: 224