• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Финансы министрлиги Бөлтүрүктүн айлыгына байланыштуу билдирүү таратты

10 Баш оона 20238:02 Бишкек Govori.TV

Финансы министрлиги «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин президенти Тенгиз Бөлтүрүктүн айлык акысына байланыштуу маалыматка түшүндүрмө берди.

Буга чейин Kaktus.media басылмасы Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу катары «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинен айына 45 миң доллар айлык алып турганын жазган. Мындан сырткары «Кумтөрдөгү» айлыгы 55 миң доллар экени, жалпысынан айына 100 миң доллар алып турганы жазылган. Аталган басылма бул тууралуу өз булактарына таянып жазган.

Финансы министрлиги мамлекет башчынын 2021-жылдын 29-январындагы «Тоо-кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыгы жана Министрлер кабинетинин бул реформаларды ишке ашыруу максатында ушул эле жылдын 10-декабрындагы токтому менен «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги түзүлүп, Тенгиз Бөлтүрүк Аяпберген уулу анын президенти болуп дайындалганын, анын уставдык капиталын түзүү үчүн республикалык бюджеттен 3 400,0 млн сом бөлүнгөнүн кабарлады.

«Ушул күнгө чейин Тенгиз Бөлтүрүккө республикалык бюджеттен жана «Улуу көчмөндөр мурасынын» бюджетинен айлык акы берилген жок. Ар бир чыгашалар бухгалтердик отчёттор менен тастыкталган. Учурда Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясын жоюу иштери жүрүп жатат. Финансы министрлиги каржы маселелеринде ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик принциптерин карманып келет.», — деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Количество просмотров: 32