Финансы министрлигинде жана анын карамагындагы мекемелерде 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, аудиттин жыйынтыгында 133 млн 321,8 миң сомдук каржылык дал келбестик аныкталды. Бул көрсөткүч бюджеттик пландоонун, каражаттарды башкаруунун жана каржылык тартиптин жетишсиз деңгээлде камсыздалганын айгинелейт.
Аныкталган дал келбестиктердин олуттуу бөлүгү бюджеттик процесстин бардык негизги баскычтарын камтыган.
Эсептөө палатасы тарабынан аудиттин жыйынтыктары боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзам бузууларды жоюу, бюджеттик тартипти чыңдоо жана каржылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар берилди.
Ошону менен бирге аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузууларга жана дал келбестиктерге жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо маселеси мыйзамга ылайык тиешелүү тартипте кароого сунушталды.