• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Финпол тарабынан кармалган салыкчы иштен алынды

23 Аяк оона 2020 18:09 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койгон. Кызматкерди иштен бошотууга 2018-жылы анын жарандарга мыйзамсыз негизде патент берүү фактысына байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тарабынан кармалышы негиз болгон.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 21-сентябрда Мамлекеттик салык инспекциясынын Ленин райондук бөлүмүнүн биринин башчысы кармалганын билдирген. О.А. аттуу бөлүм башчы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналууда. Аны менен Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) күнүмдүк товарлар ташылган жана мамлекеттик казынага алты миллиондой сом салык түшпөй калган.

Количество просмотров: 153