• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кызыл-Кыяда салыкчы кармалды

23 Теке 202511:20 Бишкек Govori.TV

Кызыл-Кыяда жеке ишкерден акча талап кылган салык кызматкери кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-июлда жеке ишкер С.А. Кызыл-Кыя ШИИБге арыз менен кайрылып, Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын улук инспектору С.П. дүкөнүн текшерип, салыктан бошотуу үчүн 200 миң сом пара талап кылганын, акча алганын билдирген.

Арыз негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин «Пара алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 22-июлда жүргүзүлгөн ыкчам иш-чара учурунда С.П. 2 200 долларын кайтарып берип жаткан жеринен кармалган.

Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 106