• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Фонд: Жапаровго берилген унаа Усубалиевге таандык эмес болгон

9 Бирдин айы 2021 14:52 Бишкек Govori.TV

Коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин аты менен түзүлгөн коомдук фонд Усубалиевдин жеке унаасы болбогонун билдирди. Бул тууралуу аталган фонддун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка карганда, Жапаровго берилген унаа Усубалиевге таандык эмес болгон.

«Усубалиевдин атына эч кандай техникалык каражат катталган эмес. Ошондой эле ошол кездеги саясаттан улам жогорку кызматтагы адамдарга мындай белектердин берилиши мүмкүн эмес болгон. Берилген күндө да Атайын кызматтын жана партиянын көз жаздымында калмак эмес», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин президент Садыр Жапаровго Кочкор районунун тургуну Турдакун Усубалиевдин автомашинасын белекке бергенин социалдык тармактагы баракчасына жазып, аны музейге тапшырарын айткан.

Количество просмотров: 400