Бишкек 25.05.18 Govori.tv
Apple 8 жыл катары менен эң кымбат брендтердин башында келе жатат. Американын Forbes журналынын баамында анын наркы 182,8 млрд доллар болсо, Ведомости журналы бир жылда анын баасы 8 пайызга кымбаттаганын жазды.
Экинчи орундагы бренд Google, бир жылда 30 пайызга кымбаттап, наркы 132,1 млрд долларды түздү. Үчүнчү орунда турган Microsoft брендинин баасы бир жылда 21 пайызга өсүп, жалпы наркы 104,9 млрд долларга жетти.
Биринчи он орунга Facebook (94,8 млрд$), Amazon (70,9 млрд$), Coca-Cola (57,3 млрд $), Samsung (47,6 млрд $), Disney (47,5 млрд $), Toyota (44,7 млрд $) жана AT&T (41,9 млрд $ ) брендтери киришти.
Interbrand Corp дагы 2017-жылдын сентябрь айында Apple брендин $184,15 млрд долларга баалап, дүйнөдөгү эң кымбат бренд деген наам ыйгарган. Анын рейтингинде дагы экинчи орунду Google (141,70 млрд $), үчүнчү орунду Microsoft (80 млрд $) ээлеген.
Булак: 24.kg МА