• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Франция президенти Садыр Жапаровго куттуктоо жолдоду

29 Үчтүн айы 2021 15:59 Бишкек Govori.TV

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

Макрондун айтымында, Франциянын Борбордук Азия изилдөө институтунун (IFEAC) Бишкекте болушу — изилдөө, гуманитардык жана коомдук илимдер чөйрөсүндөгү кызматташтыкты күчөтүү үчүн артыкчылык болуп эсептелет. Бишкектеги Француз альянсы да француз тилин жана маданиятын жайылтуунун негизги куралы болуп саналат.

«Учурдан пайдаланып, биздин саясат, ошондой эле маданий жана экономика жаатындагы эки тараптуу кызматташууну улантууга жана тереңдетүүгө болгон каалоомду дагы бир жолу тастыктайм. Франциянын Борбордук Азия изилдөө институтунун (IFEAC) Бишкекте болушу изилдөө чөйрөсүндөгү байланыштарыбыз менен гуманитардык жана коомдук илимдер чөйрөсүндөгү кызматташтыгыбызды күчөтүү үчүн уникалдуу артыкчылык болуп эсептелет. Ошону менен бирге, кыргыз тарап түзүп, Франциядан каржылык жардам алган Бишкектеги Француз альянсы сиздердин өлкөдө француз тилин жана француз маданиятын жайылтуунун негизги куралы болуп саналат. Анын ишине кыргыз бийлиги узак мөөнөттүү колдоо көрсөтөөрүнө ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Количество просмотров: 90