Франциянын президенти Эммануэль Макронду жаакка чапкан адам кармалды. Бул тууралуу euronews.com жазды.
Бул окуя боюнча эки киши кармалган. Макронду бетке чапкан адам аны эмнеге жасаганы азырынча белгисиз.
Эске салсак, Француз президенти Эммануэл Макронду 8-июнда өлкө түштүгүндө эл менен жолугушууда чогулгандардын бири жаакка чапкан. Социалдык тармактарга жарыяланган видеодо Макрон эл менен саламдашып жатканда, арасынан бир адам президентти бетке чаап, «Макрония жоголсун!» деп кыйкырганын көрүүгө болот.