• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Францияда азербайжандык активист киши колдуу болду

2 Тогуздун айы 20249:26 Бишкек Govori.TV

Францияда бозгунда жүргөн азербайжандык оппозициячыл активист Видади Искендерли киши колдуу болду. 29-сентябрдын таңында активисттин батирине белгисиз үч киши кирип барып, 21 жолу бычак сайып кеткенин анын иниси Октай 1-октябрда «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер Искендерлинин өмүрүн сактап калуу үчүн бир суткадай күрөшкөн.

«Агам кол салгандар ким экенин, алар эмне максатта барганын билген эмес. Алар эч нерсе айтышкан эмес, бет капчан болушкан. Алардын жүзүн көрүүгө мүмкүн болгон эмес. Бул саясий буюрутма экенинен күмөнүм жок. Агама 2022-жылы да он бештей адам Францияда кол салган», — деп билдирди Октай 1-октябрда «Азаттыктын» азери кызматына.

Видади Искендерли Азербайжан бийлигинин жана 2003-жылдан бери бийлик тизгин Илхам Алиевди кескин, ачык сындаганы менен белгилүү болчу. Ал 2010-жылы парламенттик шайлоого катышып, жараян бурмалоолор менен өткөнүн айтып, жыйынтыгын тааныган эмес. Кийин ал шайлоонун расмий жыйынтыгына каршы чыгууга элди чакырып келген.

Количество просмотров: 77