• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Футбол боюнча улуттук курама команда Доха шаарына келди

9 Тогуздун айы 202412:02 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 9-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасы Катар менен беттеш өткөрүү үчүн Доха шаарына келди. Оюнчуларды аэропортто күйөрмандар жана мекендештер тосуп алышты.

Буга чейин Максим Лисицындын командасы Сауд Арабиясында алты күндүк окуу машыгуу жыйынын өткөрдү.

Эртең 10-октябрда дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы Катар курама командасы менен «Аль-Тумама» стадионунда беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до башталат.

Күйөрмандар бул беттешүүнү Т. Усубалиев (Эски аянт) атындагы аянтта саат 20:00дөн тарта фанзонада көрө алышат. Беттешти УТРК Спорт каналында түз көрсөтөт.

Количество просмотров: 172