• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Футбол боюнча улуттук командага башкы машыктыруучу дайындалды

10 Бештин айы 202515:22 Бишкек Govori.TV

 Белгилүү хорватиялык футболчу Роберт Просинечки расмий түрдө Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына башкы машыктыруучу болуп дайындалды.

Дайындоо тууралуу Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев маалымдап, башкы машыктыруучуну жеке өзү тааныштырды.

Роберт Просинечки — «Барселона», «Реал» жана «Црвена Звезда» клубдарында ойногон дүйнөлүк деңгээлдеги мурунку оюнчу, ошондой эле Босния жана Герцеговина, Азербайжан курама командаларында иштеген белгилүү машыктыруучу.

Анын Кыргызстанга келиши улуттук футболду өнүктүрүүдө жана команданын эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөдө маанилүү кадам экени белгиленди.

Жакын арада Просинечки курама менен иштөөнү баштап, алдыдагы беттештерге жана турнирлерге спортчуларды даярдай баштайт.

Количество просмотров: 101