• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Футбол: Эртең ким утат? Кыргызстан же Өзбекстан…

9 Аяк оона 202414:22 Бишкек Govori.TV

Футбол боюнча эртең өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарынын алдында Өзбекстан улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Сречко Катанец жана футболчу Одил Хомробеков маалымат жыйынын өткөрүштү.

Өзбекстандын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Кыргызстан улуттук курамасын жеңип, 3 упай аларына ишенерин билдирди.

«Кыргызстандын мурунку оюндарын изилдеп чыктык, күчтүү оюнчулар да бар. Бирок, биз жеңишке болгон күч аракетибизди жумшайбыз», — дейт башкы машыктыруучу.

10-сентябрда Кыргызстан улуттук курама командасы менен Өзбекстан улуттук курама командалары беттешет. Оюн жаңы реконструкциялоодон өткөн Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорттук аренада өтөт.

Количество просмотров: 131