• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Кыргыз футболчусу жаракат алды

16 Кулжа 202322:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Ирандын беттеши учурунда кыргыз футболчусу 14-номурдагы Сүйүнтбек Мамыралиев жаракат алды.

Белгилей кетсек, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу оюнга 9927 адам күйөрмандык кылууда. Ак шумкарларды колдоп, президент Садыр Жапаров дагы келди.

CAFA Nations Cup 2023 эл аралык чемпионаты биринчи жолу улуттук команданын деңгээлинде 11-июндан 20-июнга чейин өтөт. Кыргызстандын курамасы тайпалык баскычта Афганстандын жана Ирандын курамалары менен ойноп жатат. Ушул эле убакта Ташкентте Өзбекстан, Оман, Тажикстан жана Түркмөнстан курама командаларынын оюндары өтөт. Топтун жеңүүчүлөрү 20-июнда Ташкенттеги финалда жолугушат.

Количество просмотров: 124