5-сентябрда Ирандын Исфахан шаарында Кыргызстан менен Ирандын футбол боюнча курама командаларынын беттеши болуп өттү.
Оюндун биринчи таймында ирандыктар кыргыз курамасынын дарбазасына бир гол киргизишти.
Экинчи таймда кыргыз курамасы бир топ жакшы ойношту. Тилекке каршы, кыргыз курама командасынын футболчулары канчалык аракет кылышпасын, эсеп 1-0 эсебинде ирандык футболчулардын пайдасында кала берди. Оюн акырына чейин ушул эсеп сакталып, кыргыз курама командасы ирандыктарга утулду.
Бул оюн 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын алкагында өттү.