Бүгүн, 21-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкек шаарында Омандын командасы менен беттеши жыйынтыкталды.
Эсеп 1:0 менен Кыргызстандын курамасы жеңишке жетти.
Эсеп оюндун экинчи бөлүгүндө ачылып жалгыз топту кыргыз футболчусу Одилжон Абдрахманов киргизди.
Белгилей кетсек, оюнга күбө болуу үчүн президент Садыр Жапаров баш болгон бир катар бийлик өкүлдөрү келген.
16-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Куала-Лумпур шаарында Малайзиянын оюнчулары менен беттешип, 4:3 эсебинде жеңилген.
2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт.
2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарларында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.