• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Футбол: Кыргызстан менен Ооганстан беттеши башталды

10 Кулжа 202320:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы менен Ооганстандын курама командасынын беттеши башталды.

Оюн саат 21:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо старт алып, дарбазалар саат 18:00дө ачылды.

Кыргызстан курама командасынын төмөнкү курамы оюн талаасына чыгары белгилүү болду:

Мирлан Мурзаев, Валерий Кичин,
Християн Браузман, Тамирлан Козубаев, Элдар Молдожунусов, Эрбол Атабаев, Кайрат Жыргалбек уулу, Одилжон Абдурахманов, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев.

Дарбазачы — Эржан Токотаев.

Кыргызстандык футболчулар 16-июндан Иран курама командасы менен ойномокчу.

Белгилей кетсек, футбол мелдеши Борбор Азия футбол ассоциациясынын Улуттар Кубогунун тайпалык раундунун алкагында өтүп жатат.

Количество просмотров: 119