Бүгүн, 16-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Малайзия курама командасы менен беттешти.
Куала-Лумпур шаарындагы «Букит Жалил» стадионунда өткөн оюндун биринчи бөлүгүндө кыргыз курама командасы 2:1 эсебинде алдыга чыккан.
Тилекке каршы, беттештин акыркы эсеби 4:3 эсебинде Малайзия курамасынын пайдасына чечилди.
Кошумчалай кетсек, 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи жана Оман курамалары менен ойнойт.