• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Футболду көркүнө чыгарып, стадионго 9927 күйөрман келди

16 Кулжа 202322:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Иран менен беттеш өткөрүүдө.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу оюнга 9927 адам күйөрмандык кылууда. Ак шумкарларды колдоп, президент Садыр Жапаров дагы келди.

CAFA Nations Cup 2023 эл аралык чемпионаты биринчи жолу улуттук команданын деңгээлинде 11-июндан 20-июнга чейин өтөт. Кыргызстандын курамасы тайпалык баскычта Афганстандын жана Ирандын курамалары менен ойноп жатат. Ушул эле убакта Ташкентте Өзбекстан, Оман, Тажикстан жана Түркмөнстан курама командаларынын оюндары өтөт. Топтун жеңүүчүлөрү 20-июнда Ташкенттеги финалда жолугушат.

Количество просмотров: 132