• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Футзал боюнча Кыргызстандын U-14 Кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды

25 Кулжа 202316:47 Бишкек Govori.TV

Футзал боюнча 14 жашка чейинкилер арасында (U-14) Кыргызстандын Кубогу болуп өттү.

Футзал ассоциациясынан билдиришкендей, мелдеш Бишкекте 20-24-июнь күндөрү өтүп, ага 8 команда катышкан.

Кубоктун жеңүүчүсү болуп Ош шаарынын командасы табылды. Алар финалда Бишкек шаарынын командасын 3:1 эсеби менен жеңип алышты.

Коло байге үчүн болгон беттеште Нарын шаарынын командасы Ысык-Көлдү 4:2 эсебинде утуп алган.

Оюндар бүткөн соң командаларды салтанаттуу сыйлоо аземи өтүп, анда мыкты оюнчулар да аталды.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 86